“We’ll be” бий тобу Ош жергесинде чыгармачылыгын тартуулап, мастер-класс өттү

“We’ll be” бий тобу Ош жергесине гастролго чыгып, бий өнөрүн көрсөтүп келди. Чыгармачылык кече Ош драма театрында өткөрүлүп, топтун жигиттери хореографиялык чеберчилигин көргөзүштү. Бул тууралуу 24-февралда аталган топтун бийчиси Максат Токтоналиев SUPER.KG порталына билдирди. 

Ошондой эле бий өнөрпоздору АКШда өткөрүлгөн биринчиликке катышып, топтоп келген тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаш таланттарга мастер-класс өтүштү.

Топтун бийчилери: Дастан Тилек уулу, Максат Токтоналиев, Эрмек Керимбаев, Рустам Мараткулов, Гүлчоро Сыдыков, Нишаналы Кубаталы уулу жана Кубанычбек Чилетиров. 

Белгилей кетсек, “We’ll be” бий тобу Кыргызстандын башка облустарында да болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya79
2015-02-24 16:25:48
Ийгилик силерге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан