Башкыр графикасынын чеберлери эмгектерин Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине белекке беришет

5-мартта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот. Ал кыргыз жеринде өткөрүлчү Башкортостандын Маданият жана илим күнүнүн алкагында өткөрүлөт.

Аталган музейден билдиришкендей, көргөзмөгө Башкортостандын алдынкы сүрөтчүлөрүнүн басылып чыгарылган (офорт, линогравюра, автолитография), кеңири тематикадагы эмгектери коюлат. Көргөзмө соңуна чыккандан кийин чыгрмалар Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине белекке берилет.

Анда В.Лесин, В.Суздальцев, А.Терегулов, Ф.Ергалиев, Ф.Шагабутдинов, Т.Масалимов, В.Мельников, Р.Кадыров, И.Тонконогий, Р.Миннебаев, Р.Маглиев, С.Гилязетдинов, З.Галимова, Ю.Григорьев, Ю.Басареев, Р.Лавриненко, А.Кудаяров, Г.Имамбаева жана Р.Сайфуллиндин сүрөттөрү орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан