Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Орусиянын Москва шаарында “Биз” тобу чыгармачылыгын тартуулап, концерт берди. Бул тууралуу 25-февралда SUPER.KG порталына Каниет Жыргалбеков билдирди.
“Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Заманыбыздын супер тобу” аталган “Биз” тобунун кечеси аншлаг менен өткөрүлдү. Кыргыз эстрадасына жаңы агым алып келип, көптөгөн хит ырларды жараткан топ Орусиядагы мекендештерди тер акканча бийлетти. Концертте аталган топтун солисти Бактияр Токторов “Адина”, “Буй-буй”, “Кечки туман” сыяктуу жүрөктүн түпкүрүнөн түнөк тапкан кайрыктарды жаңыртты.