Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Жоокер ыры” аталышында патриоттук ырларды аткаруучулардын арасында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан бүгүн, 25-февралда билдиришти.
Маалым болгондой, сынакка баш калаадагы мектептерде билим алышкан 50 окуучу катышты. Сынактын максаты - патриоттук чыгармалар менен окуучуларды руханий жактан өстүрүп, көркөм эстетикага, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
“Учурда балдар Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу, андагы эрдиктер, баатырлар, биздин элдин күчтүү эрки жөнүндө көп билишпейт. Ошондуктан муундардын байланышын жоготпой, дүйнөнү сактап, кадырлаш үчүн жана Улуу Жеңиш кандай баа менен келгенин балдарга жеткирүүгө биз, мугалимдер, милдеттүүбүз”,- деп мэриянын Билим берүү башкармалыгынан белгилешти.