Бүгүн, 25-февралда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги “Курманжан датка” тасмасынын жаратуучуларына сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү. Аземде аталган министрлик “Курманжан датка” тасмасынын режиссёру Садык Шер-Ниязга Намыс медалын тапшырды.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бул сыйлык тасма жаратуучуларын мекенчилдикке үндөп, руханий адеп-ахлакка тарбиялоого, кыргыз элинин идеологиялык түшүнүгүн бекемдөөгө зор салым кошкону үчүн ыйгарылды.
Белгилей кетсек, SUPER.KG порталындагы жылдын мыктыларын аныктаган сурамжылоодо аталган фильм "Жылдын супер тасмасы" деп табылса, башкы ролду жараткан Элина Абай кызы "Жылдын супер актрисасы" наамына татыктуу болду. Ошондой эле тасмада Алымбек датканын образын жараткан Азиз Мурадиллаев "Жылдын супер актёру" наамын багындыра алды.