25-февралда Москвада КВНдин Жогорку Лигасынын 1/8 финалы өткөрүлдү. Кыргыз жергесинен барган “Азия Микс” КВН курама командасы таймашта 2-орунга ээ болуп, оюндун чейрек финалына өттү. Бул тууралуу КВН Эл аралык биримдигинин расмий баракчасында жазылды.
Маалым болгондой, “Азия Микс” командасы “Саратов” (Саратов), “Сборная банкетных ведущих” (Татарстан Республикасы), "С.У.Р.А" (Пенза), “Экскурсия по городу” (Новосибирск) командалары менен ат салышты. Оюндун темасы “Үмүт” аталышында болуп, командалардын өнөрлөрүн орусиялык алып баруучулар Леонид Якубович, Валдис Пельш, актёрлор Дмитрий Нагиев, Андрей Бурковский, продюсер Константин Эрнст электен өткөрүшкөн.
Командарлар саламдашуу, биатлон, музыкалык тапшырмалар боюнча күч сынашкан.
Жыйынтыгында алдынкы 3 команда: “Экскурсия по городу”, “Азия Mикс”, “Саратов” оюндун жарым чейрек финалына чыгышты.