Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жеке менчикке берилген 12 кинотеатрды мамлекетке кайтарганы жатат

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду убагында жеке менчикке берилип кеткен 12 кинотеатрды мамлекетке кайтарганы жатат. Фонд 1993-2011-жылдары кинотеатрларды сатып алгандар келишимдик милдеттерин аткарбай жатканы үчүн сатуу-сатып алуу келишимин бузуу боюнча сот органдарына доо арыз менен кайрылды.  
"Келишимдерге ылайык, мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар өздөрүнө: мекемелерде оңдоп-түзөө иштерин жасоо, реконструкциялоо жана талапка ылайык пайдалануу милдеттерин алган. Фонддун бир катар текшерүүлөрүнө карабай инвесторлор тарабынан келишимдин талаптары одоно бузулууда. Буга байланыштуу сатуу-сатып алуу келишимдерин бузуу арызы менен сотко доо арыз берилди",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан