Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Ынтымак” ипотекалык комплексинин алгачкы батирлери жакында ээлерине тапшырылат

Бүгүн, 27-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексине барып, даяр батирлерди көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин иш башкармасынан билдиришти.

Ал батирлердин ички жасалгасына, курулуш материалдарынын жана сантехникалык жабдуулардын сапатына көңүл буруп, турак жайлар премиум-класстын талаптарына жооп берерин белгилеген.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта мындай деңгээлдеги батирлердин бир чарчы метри 2 миң 500 доллардан жогору бааланса, мамлекеттик ипотека аркылуу жашоого даяр батирлер 1 миң 400 доллардан сунушталууда.

Комплекстин аймагында мектеп, бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар, сейилдөөчү аллея жана жетиштүү унаа токтотуучу жайлар каралган.

Туманбаев курулуш иштерин сапаттуу аяктап, алгачкы батирлерди жакын арада ээлерине берүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан