Кыргызстанда бензин менен дизель майынын кору жыл аягына чейин жетиштүү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында маалым болду.
Жыйында ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоо, экономикалык коопсуздукту сактоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, мунай ташуучу компаниялардын, «Жунда» жана «Кыргызнефтегаз» ишканаларынын кампаларындагы, ошондой эле учурда ташылып келе жаткан күйүүчү майдын көлөмү жыл аягына чейин жетиштүү.
Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга субсидиялоо иштерин улантуу, ички рынокту бензин менен үзгүлтүксүз камсыздоо, мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо жана экспорт-импорт маселелери боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына 1,4 миллиондон 1,85 миллион тоннага чейин мунай продуктуларын керектейт.