Бүгүн, 26-февралда баш калаада кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу чек арачылар тууралуу тартылган “Чек ара” аталышындагы көркөм тасманын жаратуучуларын сыйлоо аземи өткөрүлдү. Иш-чарада КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси, полковник Райимберди Дүйшөнбиев аталган мекеменин “Карегимде мекен чеги” медалын тасманын директору Руслан Копобаевге, режиссёр-коюучу Элдияр Айылчиевге тапшырды.
Ошондой эле КРнын Чек ара кызматынын грамотасы менен фильмдин режиссёру Бектен Токтонов, оператору Калыс Кадыркул уулу сыйланышты. Ал эми башкы каармандардын ролун жаратышкан Рамазан Кубатбеков, Азат Жунушев жана Бактияр Раушанбековго ыраазычылык каты ыйгарылды.
Сыйлыктар Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мамлекеттик чек араны кайтарууга жана коргоого кошкон салымдары үчүн тапшырылды.