Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата согушка катышкандарды эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган кечеге өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаев, райондук администрация жана шаар башчылары, Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана башкалар катышты. Иш-чаранын максаты - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аталардын эрдиктерин жана тылдагы апалардын эмгектерин эскерүү.
Кечеде облустун гендердик өнүгүү багытында жүргүзгөн ар тараптуу иш-аракеттерине жигердүү салым кошкондугу, коомдук турмуштагы активдүүлүгүн көргөзгөн жаштарга үлгү болуп, калк арасында кадыр-барктуу жарандар Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы, Алкыш баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
Салтанатта Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган чакан спектакль жана концерт орун алды.