Кыргыз эстрада ырчысы Аваз Акимов 1-мартта 25 жашка толуп, туулган күнүн сахналаш досторунун курчоосунда белгиледи. Бишкек шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде уюштурулган туулган күндүк кечеге ырчылар Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев, Илгиз Абдалиев, жакын санаалаштары, күйөрмандары келишти. Кечеде аруу тилектер айтылып, оюн-күлкү менен коштоду. Аваз Акимов 9 жашында алгачкы жолу чыгарган “Чымчыктар” аттуу ырын аткарып, коноктордун колдоосуна алынды. Мындан тышкары кече ээси менен Нурлан Насип “Атаман” аттуу чыгарманы караокеде ырдап беришти.
“Туулган күндүк маанай саат жебеси 12ни какканда эле башталган. Досум Нурлан Насип "Ала-Тоо" аянтына кыздар менен тааныштырам деп алып барды. Ал жакта сюрприз күтүп жатыптыр. Чогулган досторум шаңдуу чыга келишип куттуктап, белектерин тапшырышты. Ар бир жаш курактын өзүнчө бир кайталангыс бактысы бар экен. Андыктан жаш өтүп жатат деп кейиген жокмун”,- деди кубанган Аваз Акимов.