Маалым болгондой, Жан Воинов Сан-Диегодо өткөрүлгөн “Freestyle session” аталышындагы бий фестивалына катышып, “Animation popping” номинациясында өнөрүн көрсөткөн.
“Фестивалга катышып жатканымда өнөрүмө күбө болгон “Black Eyed Peas” тобунун менеджеринин апасы уулу Поло Молинага мен тууралуу айтыптыр. Андан соң Поло мени кеңсесине чакырды. Ал жакта баарын майда-чүйдөсүнө чейин сүйлөшүп, иштешүү тууралуу 2 жылдык келишимге кол койдум. Аталган топтун мүчөлөрү менен таанышканга да үлгүрдүм. Эми келишимдин негизинде топтун бий номерлерине, турларына катышам. Кызматташуу ушул жылдын жай айында башталат”,- деди Жан Воинов.