Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтовдун чакыруусу менен литвалык режиссёр Линас Зайкаускас менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө театр тууралуу сөз болуп, кыргыз жериндеги театрлардын абалы туурасында талкуу жүрдү. Литвалык режиссёр кыргыз өлкөсүндө жүрүп, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КРнын Эмгек сиңирген ишмери Айзада Тумакованын бенефисине жана Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында "Дон Жуан" спектаклине күбө болгонун билдирди.
Зайкаускас актёрлордун талантына, ири потенциалына жогору баа берип, шаар ичинде көрүүчүлөрдү театрга тарта турган социалдык түрмөктөрдүн, жарнамалардын жоктугун белгиледи. Анын айтымында, кыргыз жергесинде драма жана балет багытында бир топ алгылыктуу иштер болгону менен, опера жокко эсе. Эң негизги көйгөй катары Зайкаускас режиссуранын деңгээлинин төмөндүгүн белгилеп өттү.
"Учурда өтүп жаткан майда фестивалдарды бириктирип, концерт, сынак, спектакль, көргөзмөлөрдү, туристтик иш-чараларды бириктирген ири брэнддик фестиваль өткөрүү керек",- дейт режиссёр. Анын пикири боюнча, бул мамлекет үчүн да бир топ аброй алып келмек.
Министр А.Максүтов өз сөзүндө режиссёрго келип баарлашканы үчүн ыраазычылык билдирип, театр жаатында болуп жаткан иш-чараларга токтолду. Анын негизгиси болуп көрүүчүнү тарбиялоо, башкача айтканда, адамды бала чагынан баштап театрга үйрөтүү саналат. Бул багытта министр учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын алкагында жаш балдарга ылайык, мектеп программасынын, жомоктордун негизинде постановкаларды коюу, музей педагогикасын өнүктүрүү, театралдык музейди жайылтуу иштери пландаштырылып жатканын билдирди.
Министр менен литвалык режиссёрдун жолугушуусу – театрлардын деңгээлин көтөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын бири.
Линас Зайкаускас 1962-жылы 22-майда Литванын Паневежис шаарында төрөлгөн.1989-жылы Н.А.Римский-Корсаков атындагы Ленинград музыкалык академиясынын музыкалык театрлардын режиссурасы факультетин аяктаган.
Паневежис жана Каунастын театрларында режиссёр болуп иштеген. Орусия, Украина, Литва, Польша, Румыния жана Түркиянын сахналарында 60ка жакын опералык жана драмалык спектаклдерди койгон. Бир катар абройлуу эл аралык фестивалдарга катышкан.