Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында “Музыка - элдин жаны” аталышындагы иш-чарада уйгур маданияты көрсөтүлдү. Бул тууралуу 3-мартта "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, кечеде салттуу музыкалык аспаптардан чыккан кайрыктар жаңырып, көркөм бийлер бийленип, кооз костюмдар көрсөтүлдү.
Кеченин максаты - Кыргызстандагы этностордун маданиятынын ар түрдүүлүгүн, айрыкча балдар жана жаштар арасында эл аралык диалогду өнүктүрүү.
Иш-чараны “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана Кыргыз улуттук консерваториясы менен биргеликте уюштурулду.