Башкортостандын Маданият күндөрүнүн алкагында "Шамал менин сөздөрүмдү учуруп кетсин" тасмасы көрсөтүлүүдө

Бүгүн, 3-мартта Бишкекте Башкортостан Республикасынын Маданият жана илим күндөрүнүн ачылыш аземи өтүүдө. Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, Башкортостандын премьер-министринин орун басары С.Сагитов, аталган өлкөнүн маданият министри А.Шафикова, КРнын Улуттук академиясынын академиги, режиссёр Актан Арым Кубат, КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, “Башкортостан” киностудиясынын директору А.Кожахметов, Т,Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Г.Керимова, “Башкортостан” киностудиясынын кинооператору А.Сарваев жана башкалар катышууда.

Иш-чаранын алкагында режиссёр Айнур Аскаровдун "Шамал менин сөздөрүмдү учуруп кетсин" (“Пусть ветер унесёт мои слова”) аттуу 40 мүнөттүк тасмасы көрсөтүлүүдө.

Тасмада оор сыноого кабылган эненин турмушу баяндалат. Чыгарма башкыр элинин эне каргышы жөнүндөгү байыркы миф-уламыштары менен үндөшүп кетет. Тасмада ачууга алдырып каргыш сөздөрүн айтып алган эненин кайрадан ал каргыштан балдарын аман алып калуу үчүн болгон жан далбасы сүрөттөлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан