Бишкекте Жаныбек Алыкуловдун жаркын элесине арналган куудулдардын сынагы өтүүдө

Бүгүн, 3-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда белгилүү куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун 55 жылдык мааракесине карата куудулдардын сынагы өтүп жатат. Кече куудулдун жаркын элесине арналууда.

Сынакта Ильяз Агыбай уулу, Жакут Сыдыков, Максат Тасмаев, Назира Жетигенова, Жайнагүл Атаханова, Мээрим Мураталиева, Алтынбек Ажыалиев, Кубанычбек Миталипов, Кубан Алимов, Талант Анарбаев, Адилет Кожобергенов, “Жоролор”, “Беш тапан”, “Талант шоу” куудулдар тобу, “Дем” театры жана башкалар ат салышууда. Алардын таланттарын КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Күмөндөр Абылов, Келдибек Ниязов, Бек Борбиев, белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов жана Жамбыл Камчиев электен өткөрүп жатышат.

Белгилей кетсек, сынактын байге фонду 500 миң сом.

Куудулдар сынагында Назира Жетигенова сахнага араба менен чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан