3-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда куудул Жаныбек Алыкуловдун жаркын элесине арналган куудулдардын республикалык сынагы өткөрүлдү. Бул күнү Жаныбек Алыкулов көзү тирүү болгондо 55 жашка толмок. Кечени Жаныбек Алыкуловдун уулу Манас Алыкулов алып барды.
Куудулдун мааракесине карата уюштурулган сынакта Ильяз Агыбай уулу, Жакут Сыдыков, Максат Тасмаев, Назира Жетигенова, Жайнагүл Атаханова, Мээрим Мураталиева, Алтынбек Ажыалиев, Кубанычбек Миталипов, Кубан Алимов, Талант Анарбаев, Адилет Кожобергенов, “Жоролор”, “Беш тапан”, “Талант шоу” куудулдар тобу, “Дем” театры жана башкалар ат салышты. Алардын таланттарын КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Күмөндөр Абылов, Келдибек Ниязов, Бек Борбиев, белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов жана Жамбыл Камчиев баалашты.
Сынакка катышкан куудулдар күлкү сунушуп, залды каткырыкка бөлөштү. Назира Жетигенова күйөөсү өлгөн аялдын образын жеткиликтүү ачып берип, элдин боорун эзди. “Чилденин чилтендери” берүүсүнө катышып жүрүп бутун сындырып алган куудул айым сахнага араба менен чыкты. Ал эми бул номерде анын өнөктөшү болгон Жайнагүл Атаханова жалданма кошокчунун ролун ойноп, күлкү сүйүүчүлөрдүн колдоосуна алынды.
Куудул Алтынбек Ажыалиев маркум Жаныбек Алыкуловдун образында сатирасын келиштире ойноп берип, анын элесин эске салды. Талант Анарбаев болсо өлкөнүн жети дубанындагы элдин бийлегенин туурап залды шаңга бөлөдү.
Концертте обончу, аткаруучу Абидин Темиров, ырчы Гүлжигит Сатыбеков, куудул Кубик Калыков өнөрлөрүн тартуулап өтүштү.
Жыйынтыгында калыстардын чечими менен баш байгеге “Жоролор” тобунун куудулу Алтынбек Ажыалиев татыктуу болуп, ага 100 миң сом тапшырылды. Ал эми 1-орунду ээлеген Кубан Алимовго 75 миң сом, 2-орунду багынткан Жакут Сыдыковго 50 миң, 3-орунду камсыздашкан Назира Жетигенова менен Жайнагүл Атахановага 30 миң сом, 4-орунга ээ болгон Максат Тасмаевге 20 миң сом ыйгарылды. Калган катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.