4-мартта Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Башкортостан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият жана илим күндөрүнүн алкагында “Башкыр графикасынын чеберлери” аттуу көргөзмө өттү. Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чарага Башкортостан Республикасынын Маданият министри
А.Шафикова, сүрөтчү
А.Терегулов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
А.Максүтов катышып, иш-чараны салтанаттуу ачып беришти. Көргөзмөгө 24 сүрөтчүнүн заманбап графиканын багыттарын чагылдырган 54 эмгеги коюлду.
Орусия Федерациясы жана Башкортостан Республикасынын атактуу сүрөтчүлөрү
В.Лесин, В.Суздальцев, А.Терегулов, Ф.Ергалиев, Ф.Шагабутдинов, Т.Масалимов кыргыз журтчулугуна басма (офорт, линогравюра, автолитография) жана оригиналдуу (гуашь, акварель) графиканы сунушташты.
Доор менен маданияттын бүгүнкү демин ачып берген башкыр экспозициясы Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейине расмий түрдө белекке берилди.