Бүгүн, 5-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын “Ак калпак” кубогу үчүн “No name” менен “Ак-Өргө city” командаларынын беттеши өтүп жатат. Аны "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев алып барууда. Эки күчтүү команданын таймашы кызуу болору анык. Учурда командалар “Саламдашуу” тапшырмасы боюнча ат салышууда.
Алардын таланттарын “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, юрист Жоомарт Жолдошев, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, ырчылар Урмат Усенов, Омар, "Эмгек резерви" дене тарбия жана спорт боюнча республикалык борборунун мүдүрү Улан Эралиев баалашууда.