6-мартта Бишкектеги Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында Кыргыз Эл жазуучусу, драматург
Султан Раевдин "Суфлёр" спектаклинин бет ачары болот. Аталган театрдан билдиришкендей, бул драмада коомдун калың катмарына сиңип калган өзгөчө көйгөйү козголот. Адам баласынын, анын ичинде өнөр адамдарынын жан дүйнөсүнүн жабыркаган учурлары чагылдырылат.
Башкы каарманды КРнын Эл артисти Назира Мамбетова, КРнын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, акын, драматург Чынар Калыбекова ойношот.