Борбордо Кыргыз Эл артисти, атактуу комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракеси белгиленет

Бүгүн, 10-мартта Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында СССРдин жана КРнын Эл артисти, атактуу комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция орун алат.

Аталган консерваториядан билдиришкендей, иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Кечеге Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар оркестрлери, “Акак” комузчулар ансамбли, “Хан-Теңири” ансамбли, эл аралык сынактардын лауреаттары Залина Касымова, Нурзат Орозалиева жана Бек Алагушов катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazya5
2015-03-10 14:02:33
Мааракениз кут болсун! Аябай жаш корунот эжекебиз! Сизди 50до деп айтса болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан