13-мартта Түркияда режиссёр Хамди Алкандын кыргыз жергесинде тарткан “Жазга сапар” аталышындагы тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына режиссёр Сүйүн Откеев билдирди.
“Жазга сапар” тасмасында түрк мугалимдеринин кыргыз жергесинде алгачкы мектептерди ачкан мезгили, анын жүрүшүндөгү кыйынчылыктар, билим берүү аркылуу эки элдин карым-катнашынын өсүүсү чагылдырылат.
Аталган тасма 2014-жылдын жай айында Ысык-Көлдө, Бишкек шаарында тартылган. Хамди Алкан тартуу аянтчасында “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде кыргыз жеринин ажайып кооз табиятына суктанып жатканын билдирген.
Хамди Алкандын Кыргыз Республикасындагы өнөктөшү: "Тасма ийгиликтүү тартылып бүткөн. Ал биздин өлкөдө да көрсөтүлөт, бирок кайсы айда экени азырынча белгисиз",- деди.
Эске салсак, Хамди Алкан түрктөрдүн белгилүү “Даңазалуу кылым” сериалында дарыгер, илимпоз, окумуштуу, султан Сулеймандын кеңешчиси, гарем башчысы Афифе хатундун баласы Яхья эфендинин ролун ойногон.