Бишкекте ырчы Кайрат Примбердиевдин "Поезддеги махабат" ырына тартылган клиптин бет ачары болду

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте ырчы Кайрат Примбердиевдин “Поезддеги махабат” аттуу ырына тартылган клибинин бет ачары болду. Клипке алгачкылардан болуп ырчылар Курал Чокоев, Кубаныч Сатаев жубайы Кундуз Авашова менен, клиптин жаратуучулары, музыкалык продюсер Тынчтыкбек Кожобеков, тамада, кечелердин алып баруучусу Манас Алыкулов, Кайрат мырзанын жакындары күбө болушту. Коноктор клип тууралуу ойлорун ортого салып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалашты.

“2014-жылдын аягында “Биз” тобунун аталган чыгармасын "Ретро дискотекада" ырдап чыккам. Эл бул ырды жакшы кабыл алып, күйөрмандарымдын сунушу менен клип тартып, бет ачарын өткөрүп жатабыз. Менин апам соодагер болгондуктан, поездге түшүп алып Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанды кыдырчубуз. Поездде чогуу бараткан эжелер ушул ырды тынбай угушканынан кулакка сиңип калган эле. Кийин бул ырды аткарып чыгам деп максат кылып койгом. Буюрса, тилегим ишке ашып отурат. Клип темир жолдон тартылды. Башкы каармандын ролун өзүм ойносом, мен ашык болуп калган кызды келинчегимдин сунушу менен ырчы Айгүл Чалова аткарды”,- деди К.Примбердиев.

 

Поезддеги махабат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bakulya79
2015-03-10 20:36:12
Кайрат азаматсын.жонокойлугундон жазба.ийгилик сага.
+2
NooKeN_KG
2015-03-10 23:28:59
Чачы кантет?
+1
ysmanali
2015-03-11 00:21:49
Жаны кийим алганында майрамдагыла эми
-2
gusijashoo
2015-03-11 00:38:26
Yrdyn avtorun chakyryp koiushsa bolmok eken ee.
+1
kama_future_millioner
2015-03-11 02:45:44
Чындап эле Бактыяр Токторовду чакырып койбоптур
+3
amanatym
2015-03-11 10:43:05
kama_future_millioner,кошулам. авторду биринчи чыкырыщ керек болчу.
+1
margun1990
2015-03-11 05:03:16
Баха братаным жок,Сыйлуу конокко чакырса болмок. (((
0
nabi89
2015-03-11 23:08:48
Кайратты ким жонокой деп жатат эле
0
Nuri.
2015-04-01 12:50:43
Сонун чыгыптыр..эч кимдин оюна келбеген клип.тек гана жетиштиктерди тилейбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан