Бишкекте Кыргыз Эл артисти, айтылуу төкмө акын
Ашыралы Айталиевдин жашаган үйүндө мемориалдык тактасы ачылды. Бул тууралуу 11-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Салтанаттуу иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз, КРнын Эл артисти Роза Аманова, КРнын Эл акыны Рамис Рыскулов, Ашыралы Айталиевдин шакирттери Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев катышты. Алар сөз сүйлөшүп, улуу акындын калтырып кеткен мурасы тууралуу дагы бир ирет эскерип өтүштү.