Бишкекте балдарга арналган “Этуаль - жылдыздардын баласы” аттуу жомок көрсөтүлөт

20-мартта Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Этуаль - жылдыздардын баласы” аттуу жомок-спектакль орун алат.

Аталган борбордон билдиришкендей, бул спектаклде жан дүйнөсү таза, кичинекей баатыр каарман мистикалуу ажыдаарларды, феникстерди жеңип, сыйкырдуу жөргөмүштөргө жардам берет. Чеберлердин шаарынын эшигин ачып, чыныгы искусствонун сырларына жетип, дүйнөгө бакыт жана гармония алып келет.

Спектаклди “Айлуу жамгыр” ушу театры, “Шайыр балалык” балдар борбору жана “Жаштык” жаштар борбору коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан