Ош шаарында кыргыз эстрада ырчысы, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2014-жылдын супер дебюту” наамынын ээси Самара Каримованын жеке концерти өтүүдө.
С.Ибраимов атындагы Ош драма театрында өтүп жаткан концертте ырчыга популярдуулукту алып келген “Сүлүктү”, “Сагынганда атамды”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” өңдүү кайрыктары жаңырып, ырчы репертуарындагы чыгармаларын гана аткарбастан, актрисалык талантын көрсөтүп жатат. Алсак, “Жетим кыздын монологун” жеткиликтүү аткарып бергенин күйөрмандары жүрөгү менен кабыл алып, көздөрүнө жаш алышууда.
Концертке келген коноктор Кыргыз Эл артисти Керим Турапов, КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, ырчылар Салима Балтаева, Гүлнур Асанова, Данияр Эрматов, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, “Чоро” тобу да чыгармаларын тартуулашты. Ал эми кечени тамада Жеңишбек Айтиев жана “Тамашоу” Лигасынын “No name” командасы алып барууда.
Бүгүн, 11-мартта SUPER.KG порталына Самара Каримова: “19 күнгө белгиленген концерттерим аншлаг менен өтүп жатат. Залга эл батпай, туруп алып көргөндөр болууда. Чакыруу билеттерин аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, Баатыр энелерге, карылар үйүнө тараткам. Кече төрт жарым саатка созулуп, алып баруучулардын кызыктуу тамашалары менен коштолууда. Конок ырчылар жана алып баруучулар күнүгө жаңылап жатышат. Балдарымды болсо апам карап берүүдө. Жаңы төрөлгөн Алиханды антракт учурунда эмизип жатам”,- деди.