Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти Самара Токтакунованын көргөзмө-музейи ачылды

Бүгүн, 11-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана КРнын Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самара Токтакунованын грим бөлмөсүндө залкар комузчунун көргөзмө-музейи ачылды. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Самара айымдын 55 жыл эмгек өтөгөн Улуттук филармониянын жамаатынын куттуктоосу менен башталды. Филармониянын жетекчилиги тарабынан демилгеленген иш-чараны ачууга КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Сабиров катышты. 

Көргөзмөгө улуу комузчу Самара Токтакунованын өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырган сүрөттөр, ар мезгилде алган сыйлыктары коюлду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya79
2015-03-11 15:54:06
Cамара эжекебиздей инсандарды мамилекет колдоп коштоп туруу зарыл.Ал ошого татыкттуу.Бар болунуз эжеке.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан