12-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган поэзия кечеси өткөрүлөт.
Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага тажрыйбасы жок актёрлор катышып, көрүүчүлөргө маанилүү көйгөйлөрдү алып чыгышат .
“Жаш актёрлор сүйлөө техникасы боюнча курстан өтүшүп, туура дикция, артикуляция койгонго, үндүн тембрин башкарганга, көркөм окуганга үйрөнүшкөн. Анын жыйынтыгы катары бул кечеде кыргыз акындарынын тамсилдери жана ырлары көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Учурда онго жакын театрлаштырылган көрсөтүүлөр даяр болду. Алар жаштардын арасындагы миграция, өспүрүм курактагы бойго бүтүү, этнос аралык араздашуу, жумушсуздук жана башка темаларды камтыйт”,- деп жазылат маалыматта.