Маданият министри Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы менен жолукту

Бүгүн, 11-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асанов менен жолукту. Аталган министрликтен билдиришкендей, расмий иш-чара таанышуу иретинде өтүп, эки тарап гуманитардык жаатта кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Долма Бахче сарайында Кыргыз Республикасынын, Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламенттеринин башчылары тарабынан кол коюлган макулдашуунун негизинде уюшулган. 

ТүркПА парламенттик аралык тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана мүчө өлкөлөр арасында ыкмалар менен бөлүшүүнү, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешинин демилгелерине жана ишмердүүлүгүнө мыйзамдык колдоо көрсөтүүнү, түрк дүйнөсүнүн маданий мурас жана тарыхый баалуулуктарын, көркөм чыгармачылыгын жана адабиятын изилдөөнү максат кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан