Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" аттуу тасманын бет ачары өтүүдө

Бүгүн, 12-мартта Бишкектеги кинотеатрлардын биринде туруктуу сүйүүнү баяндаган “Поларис шооласы” аттуу көркөм тасманын бет ачары өтүүдө. Ага Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, тасманын жаратуучулары, башкы каармандар, кино сүйүүчүлөр катышууда.

Фильмдин режиссёру, сценаристи - Камчыбек Илиязов. Башкы каармандардын образын актёрлор Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов жаратышкан.

“Тасманы тартуу иштери 2014-жылдын май айында башталып, жакында аяктады. Кыргыз жеринин кооз жаратылышында, Түркиянын Анталия шаарында тартылды. Тасма жаштарга таалим-тарбия берет деген ойдомун. Анткени фильмде адеп-ахлак маселеси камтылган”,- деди К.Илиязов.

Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
marmilantka
2015-03-12 11:46:58
Сонун кино болуптур азаматсынар, талантынар оркундой берсин дагы да кыргыз елиме жакшы манилуу кинолорду жарата бергиле.
0
jypar.i
2015-03-22 20:37:48
Фильм абдан сонун экен.Эмне үчүн чыныгы башкы каарманды жараткан Чолпон Темирбекова, Айпери Малдыбаева жана Улан Медеркуловдун сүрөттөрү жок? Өтүнүч: ушул фильмдин саундтрегин жүктөп койгулачы! Чолпон чыныгы таланттуу актриса гана эмес, абдан сооонун ырчы экен. Кыргызымдын ушундай сулуу, таланттуу жана жөнөкөй кыз-жигиттери көбөйө берсин. Айпери менен Амантурдун да аткарганы абдан жакты. Азаматсыңар, бар болгула, талантыңар өркүндөй берсин.
0
admin_portal
2015-03-23 10:20:32
jypar.i, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, уга аласыз: http://www.super.kg/media/uservideo/135321/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан