Кыргыз циркинин жаш өнөрпоздору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана окуучуларга бекер шоу-программасын тартуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Курмангазы Исанаев билдирди. Анын айтымында, шоу-программа атайын Нооруз майрамына карата даярдалган.
“Быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнтүп, бул жерге манеждин чеберлерин эмес, көпчүлүккө чыга элек, жаңыдан студияны бүтүрүп жаткан келечектеги артисттерди көрсөткөнгө аракет кылдык. Бизде министрликтин астында Көркөм кеңеш бар, алар жаш артисттердин көрсөткөн өнөрүнө бааларын берсин дегенбиз. Анан ушул программа менен 21-31-мартка чейин мектеп каникулдарына ылайыкташтырып шоу-программаны көрсөтөлү дедик.
Ал эми бүгүнкү иш-чара бет ачары болду. Кирүү акысыз болуп, ага балдар үйүнөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мектеп окуучулары чакырылган. Аларга аябай жакты көрүнөт, күлүп-жайнап, көңүлдөрү жайдары болуп отурушту”,- деди Исанаев.