Ысык-Көлдө чыгаан театр режиссёру Бообек Ибраевдин үй-музейи ачылат

13-мартта Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылындагы Маданият үйүндө кыргыздын чыгаан театр режиссёру Бообек Ибраевдин 80 жылдыгына карата үй-музейи ачылат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Бообек Ибраев 1935-жылы 19-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган. Ал 1961-жылы Ташкенттеги А.Островский атындагы Театр жана сүрөт институтун бүтүргөн. Ал Нарын облустук музыкалуу драма театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Ош облусунун С.Киров атындагы Өзбек музыкалык драма театрында, Пржевальск шаарындагы Ысык-Көл облусунун драма театрында режиссёр, башкы режиссёр болуп эмгектенген. Б.Ибраев Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасын (режиссёр Ж.Абдыкадыров менен бирдикте) даярдоого киришип, 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында койгон. Андан кийин "Сейтек", “Айкөл Манас драмаларын даярдап, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасына алып чыккан. Б.Ибраев 2000-жылы 5-июнда дүйнө салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан