17-мартта С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр кошуунунун көргөзмө залында “Жазгы маанай” аталышындагы көргөзмөнүн ачылыш аземи болот. Белгилүү болгондой, көргөзмө жашоосун чыгармачылыкка арнаган аялдар үчүн уюштурулат .
“Алар ар түрдүү тармакта эмгектенип, бош убактысында чыгармачылык фантазиясын живопись жана көркөм өнөр искусствосунда ишке ашырышат. Көргөзмөдө орун алчу бардык чыгармалар, дүйнөнү курчап турган айлана-чөйрө аялдардын көз карашы менен чагылдырылган. Сүрөттөр жана кол өнөрчүлүктөн жаралган эмгектер бир темадагы эмес, алар гендердик принцип боюнча чогулган”,- деп айтылат маалыматта.