“Тамашоу” Лигасынын “Ак-Өргө city” командасы Ош жергесин кыдырып концерт берүүдө

“Тамашоу” Лигасынын “Ак-Өргө city” командасы Ош жергесин концерттик турне менен кыдырып жүрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-мартта аталган команданын оюнчусу Самат Эркинбеков билдирди.

Маалым болгондой, кечеде "Ак-Өргө city” командасы сатиралары менен күлкү сүйүүчүлөрүнүн маанайын көтөрүүдө. “Тамашоучу” жигиттердин концерти кызыктуу өтүп жатат. Алсак, көрүүчүлөр оюнчуларга тема сунуштап, аны тилинен чаң чыккан тапандар көркөмдөп өзгөчө номер тартуулап, элдин колдоосуна арзышууда. Ошондой эле оюнчулар сахнага залда отурган күлкү күйөрмандарынан чыгарышып, алар команда менен биргеликте оюн көрсөтүп беришсе, ырчылар Асел Касымова менен Жумагүл Райымжан кызы обон созуп, ыр сунуп жатышат.

“Биз командабыз менен биринчи жолу өнөрүбүздү көрсөтүү максатында турнеге чыктык. Башкы максатыбыз - түндүк-түштүк деп бөлүнгөн маселени жоюу. Бизди күйөрмандарыбыз жогорку деңгээлде кабыл алышты. Кечебизге эл толуп, аншлаг менен өтүп жатканына кубанып турабыз. Алдыда Нарын, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абадды кыдырып чыгармачылыгыбызды тартуулайбыз”,- деди С.Эркинбеков.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
brend007
2015-03-13 18:23:35
Кечээ Кызыл-Кыяда болду. Азаматсынар. Жакшы болду концерт. Ийгилик.
0
INailia
2015-03-13 18:38:42
Жаныш Ак-орго командасына кошулганбы?
0
sam_zaika
2015-03-14 00:40:57
AK-ORGO city bardyk konserti anshlag menen boldu. Baldarga yigilk azamatsynar.
0
sam_zaika
2015-03-14 01:03:22
5 март куну Ак Калпак кубогу болгондо Но Нейм жана Ак Орго сити бет алышкан эле.
0
sam_zaika
2015-03-14 01:04:16
Но нейм бирок коншу узбекстан милион командасынын тамашасын которуп чыгышыптыр. Досторум айткандай тамашоу ордунда эле даярдаш керек. Биродон которуп же урдап албастан. Ак-Орго командасы Сулукту шарында концерт коюп жатып бир коручу шахта туралуу тамашаны сурап калды. Алар болсо 2-3 мин ичинде ойлоп коюп беришти. Мен Ак-Орго же Но Неймге деп тарпаймын аларда Кыргызстандын командасы. Тундук-Туштук деп болунбой. Командаларды барктайлы колдойлу. Мен таза оюн учун. Комент отуруп жазыш оной.
0
sam_zaika
2015-03-14 01:06:20
Сахнада ойнош ото кыйын
0
Aidar.001
2015-03-14 20:16:01
Ушул КВН чи балдар деле россия, казакстан жактарга келип онорунорду корсотуп кетсенер болмок, уюштуруу жагынан жардам беребиз.
+1
ShumkarSamara
2015-03-15 21:18:22
A bugun tvdan Rfda bolgon kvnge Biwkekten da Azia mix baryptr,jakwy o8n korsotuwtu,birok 2orun boluwtu da baly bo8n4a,molodsy!1-orunga ozdrnkun 4ygardy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан