Бишкекте Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналган энциклопедиянын бет ачары болду

Бүгүн, 13-мартта Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында акындын 100 жылдыгына арналып чыгарылган "Алыкул Осмонов" аталышындагы энциклопедиянын бет ачары болду. Аземге Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Каныбек Осмоналиев, Каныбек Иманалиев катышты. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн депутаттар Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын жаңы доорун ачкан, улуттук адабият агымын жаңы нукка бурган чыгаан акын экенин, анын чыгармачылык мурасы азыркы жана келечек муун үчүн көркөм дөөлөт табериги, чыныгы поэтикалык эргүү башаты, көркөм чыгармачылыктын бийик үлгүсү болуу менен далай муундун көркөм табитин тарбиялоо жаатында ак кызматын өтөй турганын баса белгилешти.

Белгилей кетсек, "Алыкул Осмонов" энциклопедиясы Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун илимий жамааты тарабынан даярдалып, депутат, акын, ишкер Чыныбай Турсунбеков жана ишкер, коомдук ишмер Осмонбек Артыкбаевдин каржылык демөөрчүлүгү менен басылып чыккан. Бул көлөмдүү басылмада Алыкул Осмоновдун өмүрү менен чыгармачылыгына эле эмес, акын жөнүндөгү илимий изилдөөлөр менен окутуу усулдарына байланыштуу маалыматтар да камтылган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев улуу акындын 100 жылдык мааракесине арналган мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында, маданият жана билим берүү мекемелеринде жыл бою улантыла турганын кошумчалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан