Чыгаан театр режиссёру Бообек Ибраевдин үй-музейинин ачылыш аземи концерттик программа менен коштолду

Ысык-Көлдөгү Кызыл-Суу айылындагы Маданият үйүндө кыргыздын чыгаан театр режиссёру Бообек Ибраевдин 80 жылдыгына карата үй-музейи ачылды. Бул тууралуу “Бообек” кайрымдуулук фондунан билдиришти.

Иш-чарага Бообек Ибраевдин жубайы, КРнын Эл артисти Гүлсүн Мамашева жана уулу, опера ырчысы Марат Ибраев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл артисти Чоро Думанаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков жана башкалар катышты.

Анда “Дем" театрынын, Улуттук филармониянын артисттеринин концерти орун алды. КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов өңдүү таланттар Бообек Ибраевге арнаган ырларын тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан