Бүгүн, 16-мартта Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Салам сага, санжыралуу Ноорузум!” аталышындагы майрамдык салтанат орун алды. Аталган борбордун алдына боз үй тигилип, ичине дасторкон жайылып кыргыздын тамак-ашы коюлду. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Роза Акназарова, өлкөнүн Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышова, Өзбекстан менен Ирандын Кыргыз Республикасындагы элчилери, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү, окуучулар жана Беловодск балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышты.
Алар төкмө акын Аалы Туткучев, Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы, “Байчечекей” элдик фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Азия-Нур” элдик бий ансамблинин өнөрпоздору уюштурган концерттик программага күбө болушту.
Нооруз майрамына арналып уюштурулган кечеде алгач бөбөктөр майрамдын, жадыраган жаз айынын келгенин жар салып чыга келишсе, Умай эне аластап, Бакай ата батасын берди.