2002-жыл, 17-март. Бул күнү сот иштеринин адилетсиз жүргүзүлүп жатканына нааразы болгон Аксынын Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач, Жаңы-Жол сыяктуу айылдарынан 2 миңдей адам чогулат. Топтолгон эл 3 топко бөлүнүп, бир тобу райондун борбору Кербенге, экинчи топ Таш-Көмүргө, үчүнчү топ Токтогулдагы сот процессине барып нааразычылык көрсөтмөкчү болуп жолго чыгышат. Тынчтык митингин өткөрүүнү көздөп, Кербенди көздөй жөө бараткан элди Боспиек айылынан аким баш болгон ОМОН, куралдуу милиция кызматкерлери тосуп чыгышат. Эл: "Бизди коё бергиле, Кербенге барып өзүбүздүн мыйзамдуу талапты коюп, тынчтык митингин өткөрөбүз",- дейт. Райондук милициянын жетекчиси: "15 мүнөттүн ичинде тарап кеткиле, кетпесеңер жаман болот",- деп элге талап коёт. Бул маалда эл тараптан укук коргоочу Турсунбек Акун келип калып, акимдин жанына барып сөз сүйлөйүн дегенде аким аны түртүп жиберет. Эки милиция кызматкери аны кармап сүйрөп жөнөшөт. Эл толкуй түшөт. Жол тоскон ОМОНдор асманга карата ок чыгарышат. Эл дүрбөп артка качып, кайра "куру дүрмөт менен аткылап жатат" деп ойлоп, кайрылып келип милицияларды каптаганда ОМОНдор элди көздөй ок жаадырып киришет. Бир заматта алай-дүлөй түшүп, ондогон адамдар октун айынан жер кучактап кулап, кээ бири ошол жерден эле жан берет...
Аксы окуясында каза болгон Эркиналы Четинбаевдин уулу Ороз ошол кезде 8 жашта болсо, бүгүнкү күндө бир үйдүн түйшүгүн моюнга алган мырза болгон. Аксы окуясы – депутатты бошотуп алуу эле эмес. Бул – кыргыз өлкөсүндөгү авторитардык режимдин кулашы, эркиндик үчүн болгон күрөштүн алгачкы карлыгачы. Аны унутууга эч кимибиздин акыбыз жок.