Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, окуучулары менен жолукту. Аталган министрликтен бүгүн, 18-мартта билдиришкендей, жолугушуу Тил жана маданият фестивалынын алкагында өттү. Иш-чарага Танзания, Индонезия, Таиланд, Беларусь, Орусия, Грузия, Косово, Румыния мамлекеттеринен келген окуучулар катышты.
Министр чет элдик окуучуларга кыргыз жери, анын бай тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү тууралуу кыскача айтып, кыргыз элинин меймандос эл экенин, коноктор үчүн ар убак эшиги ачык экенин кошумчалады.
Балдар өз кезегинде таланттарын көрсөтүп, өз тилдеринде ырларды тартуулашты. Ал эми Танзаниядан келген Жабир аттуу бала кыргызча амандашып, кыргыз тилинде “Кыргызстан” аттуу ырды аткарып берди. Жолугушуу соңунда министр бардык окуучуларга ыраазычылык билдирип, 19-март күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтө турган фестивалды жакшы өткөрүп алууга ийгилик каалады.