"Эр Төштүк" эпосун анимациялап чыгуу үчүн 5 миллион сом керек болууда

Маданий мурастарды жандандыруу максатында “Эр Төштүк” эпосун анимациялап чыгышты. Бул тууралуу аталган мультфильмдин башкы сүрөтчүсү Жумгалбек Бейшебаев бүгүн, 18-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Маалым болгондой, учурда “Эр Төштүк” анимациялык мультфильминин 1,5 мүнөттүк трейлери гана жарык көрдү. Аны толук тартып чыгуу үчүн 5 миллион сом каражат керек болуп жатканын айтат сүрөтчү-коюучу Назира Раимкулова. 

"Биздин башкы максатыбыз - руханий кенчибизди сактоо, себеби балдарга калтырчу эч кандай байлыгыбыз жок. Ал эми “Эр Төштүк” мультфильмин толук метраждуу кылып тартуу үчүн 5 миллион сом керек. Ошондуктан саясатчыдан баштап жөнөкөй жаранга чейин, патриот болсоңор, 1 сомдон болсо да салымыңарды кошкула деп чакырам”,- деди өз сөзүндө Н.Раимкулова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ajar.
2015-03-18 14:52:24
Идея жакшы, кыргыздын улуу, кенже эпостору, жомокторунан каалашынча мультфильм тартууга болот, эгер каражат болсо. Бирок мындагы сүрөттөр жаккан жок, эң эле түрү суук болуп калыптыр, Бүбүмариямдын сүрөттөрүндөй болуп (билет болушуңар керек)... Азыр дагы тартыла элек турбайбы, ошондуктан оңдоп чыксаңар жакшы болмок, кеч боло электе...
+1
Tentek_jigit
2015-03-18 16:26:29
Бул каяктагы ужастар?
+1
Aidar.001
2015-03-18 17:31:11
Ойоой суротторду жакшыраак окоштургулачы, Эр-Тоштук эмей эле охотники за привидениями болуп калыптыр.
+2
zhykyo
2015-03-18 17:41:59
Суроттор жарабайт элечекчен апа тимеле ужас маскаралагандыкпы
+1
nurik2103
2015-03-18 18:23:21
Биринчи кино тартыш керек, менин кенешим биринчи кино тартсанар жакшы болот еле, "Али баба и 40 разбойник" деле жомок болчуго жакшы кино чыккан
0
Ajar.
2015-03-18 18:37:51
Бул улуттун, жалпы элдин байлыгы, кенчи, андыктан мындайга жөн салды мамиле жасоого болбойт. Муну кеңешиш керек эле, балким, Маданият министрлиги же тиешелүү жактар менен.Албетте, демилге көтөргөн жакшы, бирок бул сүрөттөр эч эле жаккан жок, жарабайт деп эле айткым келет.Тиешелүү жактар муну токтотуп, оңдоп чыгууга көрсөтмө берүүлөрү керек деп ойлойм, болгондо да тез арада.
+1
Bektur2
2015-03-18 19:17:54
Эр Тоштуктун китебин кайра кайра окууп образга кирип алып тартсанар бул суроттордон тартылган мультфилимди корконунан балдар корбойт проста ужас кобунчосу зомбиге окшош экен
0
danyshman
2015-03-18 20:22:38
Суроттордон журок тушот го тим эле акатай.Мындай ыманы ысык козго суйкумдуу жакшынакай кылып тартсанар бир эмес он сомдон бермекмин.
0
danyshman
2015-03-19 07:12:11
Мындай суроттор менен мультфильм тартса 5 млн эмес эле 345 сом эле кетет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан