Бишкекте бүгүн тил жана маданият боюнча эл аралык фестиваль өтөт

Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда биринчи жолу тил жана маданият боюнча 13-эл аралык фестиваль өтөт.
Маданий иш-чарага катышуу үчүн борбор калаага Түркия, Казакстан, Индонезия, Филиппин, Таиланд, Индия, Мозамбик, Румыния, Тажикстан, Танзания, Беларусь, Азербайжан, Грузия, Америка, Косово, Орусия жана Украинадан өкүлдөр келишти. 

13 жылдан бери бул фестиваль ар кайсы мамлекеттерден келген окуучуларды бириктирип, дүйнөнүн бардык түстөрүн бир жерге чогултуп, адамдардын жакындан таанышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фестиваль өлкө аралык ортодогу тоскоолдуктарды жоюп, жаштыктын деми дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка күч берет. 

Бул фестиваль жалаң Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. Эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан бери дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан