Арзуу сезим, жоопсуз махабат, достордун сүйүүгө бут тосконун чагылдырган "Ботан менен Купидон" аттуу тасманын бет ачары болду

Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ботан менен Купидон" аталышындагы комедиянын бет ачары болду. Фильмдин режиссёру Нурлан Разакуловдун айтымында, тасма жаштарга арналып тартылган. Андан арзуу сезимдерин, достордун сүйүүгө бут тосконун, жоопсуз махабатты көрүүгө болот.
Башкы каарман Байэл университетте мыкты окуган студент. Бирок өзүнө ишенбеген, тартынчаак жигит. Ушундан улам ал жакшы көргөн кызы Лианага сезимдерин айта албай кыйналат. 
Ага Сүйүү Кудайы делген Купидон келип жардам берет. Бирок Лиананын кыялы чатак болгондуктан, Купидон бул жаатта бир топ эле кыйналат. Анын аракети күлкүлүү окуялар менен коштолуп, башкы миссиясын аткарат. 
"Сүйүү темасын дайыма актуалдуу деп эсептейм. Негедир социалдык темаларды козгогум келген жок. Тасма башынан аягына чейин сүйүү темасын сүрөттөйт. Анткени кинотеатрларга эл эс алуу үчүн келгендиктен, жакшы маанай тартуулоо башкы ниетим болду. Сүйүүнү жаштардын тили менен жеткирүүгө аракет кылдым. Фильм бир айдын ичинде тартылып бүттү. Каармандарды кастинг аркылуу тандап алдык. Алар дагы фильмге идеяларын кошушту",- деди Нурлан Разакулов. 
"Ботан менен Купидон" комедиясынын бет ачары болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан