Казакстандын Шымкент шаарында кыргыз эстрада ырчысы KG Эльмурат жеке концертин берди. Концертти кыргыз ырчылары Данияр Эрматов, Эдил Маматов, Жоодарбешим, Дайыр Исмадияров, Бегимай Бекбоева коштосо, алып баруучулукту “тамашоучу” Икрам колго алды (“No name” командасынын мурунку оюнчусу).
SUPER.KG порталына бүгүн, 20-мартта KG Эльмурат: “Казакстанда бир жылдан бери концерт бере элек болчумун. Кече жакшы деңгээлде өттү. Жаңы жазылган ырларым аткарылып, күлкү-шаң менен коштолду. Сахналаш досторум менен Шымкенттин кооз жерлерине барып сүрөткө түшүп, эс алганга да мүмкүнчүлүк түзүлдү”,- деди.