Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 21-Март - Нооруз майрамына карата “Кош кел, Нооруз!” деген аталышта салтанаттуу кече болуп өттү.
Иш-чарага мугалимдер, шаардагы №27, №5, №10-орто мектептин окуучулары, китепканачылар жана окурмандар катышты. Алгач Нооруз майрамынын келип чыгыш тарыхы, сүмөлөк, майрамдык тамак-аш, улуттук суусундуктар жана кыргыздын каада-салты тууралуу окурмандарга баяндап беришти.
Китепкананын кызматкерлери баланы бешикке бөлөө, тушоо кесүү салттарын театралдаштырып көрсөтүп беришти. Окурмандар тарабынан тематикалык ырлар көркөм окулуп, "Манастан" үзүндү айтылып, ыр-бийлер менен коштолду. Кеченин аягында арча менен аластап, катышуучуларга боорсок, таттуу токочтор, момпосуйлар таратылып, өнөрлүү балдарга китепкана тарабынан чакан белек-бечкектер берилди.