Бишкекте ырчыГүлзинат Суранчиеванын Нооруз майрамына карата жеке концерти өтүүдө
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Гүлзинат Суранчиева Нооруз майрамына карата шоу-концертин берип жатат. Майрамдык концертти Айпери Суранчиева менен Алтын Камчиев алып барышууда. Ошондой эле КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Замир Мырза, Урмат Усенов, Неля, Азамат Сарыбаев, Иса Өмүркулов, Залкар, "Кара-Жорго №1" тобу конок катары келишсе, "Тамашоу" долбоорунун "Позитифф" командасы күлкү сунууда. Ыр-күлкү толгон кечени "Береке" жана "Кубаныч" бий топторунун бийчилери коштоп жатышат.
Гүлзинат Суранчиева 70 окуучусу менен концерт берди