Бүгүн, 21-мартта борбор калаадагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз эстрада ырчысы Гүлзинат Суранчиева Нооруз майрамына карата жеке концертин тартуулады. Майрамдык концертти Айпери Суранчиева менен Алтын Камчиев алып барышты. Кечеде ажарлуу айым мукам үнү менен кулакка сиңген популярдуу жана жаңы жазылган кайрыктарын созуп, роялда кол ойнотуп, чыгармаларын жандуу үн менен аткарды. Залга толгон күйөрмандары талантына баа берип, кол чаап отурушту. Сүйүү, жашоо, эне жөнүндө ырларын аткарып берген ырчыны “Береке” бий ансамблинин бийчи кыздары коштоп жатышты. Ошондой эле Бишкектеги П.Шубин атындагы музыкалык мектептин өнөрпоздору менен бирге ырдады. Көзү өткөн чыгармачыл инсандарга арналган “Булбул таңшыйт” аттуу муңдуу ырын аткарып жатканда экранда атагы чыккан артисттердин сүрөттөрү көрсөтүлүп турду.
Гүлзинат айымды куттуктап конок катары келишкен КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Замир Мырза, Урмат Усенов, Неля, Азамат Сарыбаев, Иса Өмүркулов, Залкар, "Кара-Жорго №1" тобу жана шакирттери Залкар жана Саида Тынчтыкбек кызы ыр белек сунушту.
Андан тышкары "Тамашоу" долбоорунун "Позитифф" командасы залды күлкүгө бөлөсө, "Кубаныч" бий тобу лезгин бийин бийлеп берди. 2,5 саатка созулган жеке концерт ырчынын "Мекеним Кыргызстан" аттуу чыгармасы менен соңуна чыкты.
“Концерт коюу көп эмгекти талап кылгандыктан, жыл башынан бери даярдык көрдүм. Сахнага чыкканда эле көрүүчүлөрдүн жылуу тосуп алышканын көрүп төбөм көккө жетти. Негизи, алардын кол чабуусунан, мени менен кошо ырдаганынан, жакшы көрүп карап турган көздөрүнөн позитивдүү энергия алам. Өзүмдү бактылуу сезип, кайра-кайра концерт бергим келе берет”,- деди толкунданган Г.Суранчиева.