Бүгүн, 22-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун жарым финалы өтүп жатат. Сахнага чыккан Эрмек Нурбаев командаларды күлкү сүйүүчүлөрдүн алдына чакырып, оюнчуларга жеңиш каалады.
Бул таймашта 15 команда ат салышууда. Алар: “ОШолор”, “Бишкек”, “Тамашарики”, “Олимпик”, “НКБ”, “National”, “Универсал”, “Позитифф”, “Евраш”, “Brooklyn”, “Кыргыз двор”, “Элестет”, “Ассорти”, “IUK”, “Айым стайл” командалары.
Жаш өнөрпоздордун тапкычтыгын жана тапандыгын “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, дизайнер Замира Молдошева, ырчылар Омар, Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, “No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев баалап жатышат.
Учурда командалар “Видеого үн коштоо” тапшырмасы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө. Бул тапшырмада командалар шоу чөйрөнүн чыгармачыл инсандары, саясатчылар, айыл жергеси, үй-бүлө, базар, кыз менен жигит жана эшек темаларында тамашаларды тартуулашууда. Оюнчулардын боорду эзген тамашаларына күбө болушкандар залды жарып кыйкырып, ышкырып, кол чаап колдоп отурушат.