Жаштар элеттик бийчилерди колдоо демилгесин көтөрүшүүдө

Айыл жергесиндеги таланттуу бийчилерди таанытуу максатындагы долбоор жаштардын демилгеси менен иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-марттагы маалымат жыйынында долбоордун координатору Мирлан Сатаров билдирди. 
Анын айтымында, иш-чара өткөн жылы октябрь айында Баткен облусунда сынак өткөрүү менен башталган.
"Баткен районунан 35 бийчи катышты. Баары таланттуу балдар экен. Аларды биз жашына жараша бөлгөн жокпуз. Мыкты бийчилерди тандоонун экинчи бөлүгү Талас облусунда өттү. Долбоордун үчүнчү бөлүгү апрель айында Бишкекте өткөрүлөт",- деди ал.
Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин башкармалыгына кайрылып "жаштардын демилгесин азыр каржылай албайбыз" деп жооп алганын кошумчалап: "Биз 20га жакын ар кайсы демөөрчүлөргө кайрылдык, алардын арасында саясий партиялар да бар. Бири да жардамга келген жок. Ошондуктан өзүбүздүн ата-энелер берген акчага сынак өткөрүп алдык",- деди Сатаров.
Жаш бийчилер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BiLLy Beck
2015-03-23 15:20:52
молодцы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан