Борбор калаада балдардын жана мектеп театрларынын республикалык фестивалы өтөт

25-мартта Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында балдардын жана мектеп театрларынын 7-республикалык фестивалынын ачылышы болот. Фестиваль Эл аралык театр күнүнө арналат.

Уюштуруучулар кабарлагандай, фестивалга Бишкек шаарындагы бир катар мектептердин театралдык жамааттары катышат.

26-27-март күндөрү өнөрпоздордун таланттары калыстар тобунун сынынан өткөрүлөт. 28-мартта фестивалдын жабылыш салтанаты орун алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Иш-чараны Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, өлкөдөгү Орусия кызматташтыгы жана Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан